Гульнара-Клара Самат Россиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды
kaktus.kg

Гульнара-Клара Самат Россиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды

211  0

Гульнара-Клара Самат Кыргызстандын Россиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Гульнара-Клара Самат Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.

Маалымат үчүн

1963-жылы 20-августа Кыргыз ССРинин Ош областындагы Таш-Көмүр шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Саясий илимдердин кандидаты.

Эмгек жолун 1986-жылы Таш-Көмүр шаарындагы № 7 мектепте орус тили жана адабияты мугалими болуп баштаган.

1987-жылдан тартып 1991-жылга чейин СПТУ -74 баштапкы комсомол уюмунун катчысынан тартып Кыргызстан ЛКСМ БКнын диологиялык бөлүмүнүн инструкторуна чейинки жолду басып өткөн.

1995-2001-жылдары КМШ өлкөлөрү башкармалыгынын III катчысынын, андан соң Мамлекеттик чегараны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча сүйлөшүүлөр тобунун (КР ТИМ) II катчысынын, Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы элчилигинин II катчысынын, кийинчерээк I катчысынын стратегиялык жана укуктук көйгөйлөрдүн эл аралык коопсуздугу башкы башкармалыгынын эл аралык коопсуздук бөлүмүнүн кеңешчисинин кызмат орундарын ээлеген.

2001-жылдан тартып 2005-жылдын апрелине чейин КМШнын Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссияда Кыргыз Республикасынын Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн консультанты болуп саналган.

2005-2006-жылдары КРнын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кеңешчисинин кызматын ээлеген.

2006-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз катчысы болуп дайындалган.

2006-жылдан тартып 2007-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Стратегиялык изилдөөлөр эл аралык институтунун директору.

2007-2008-жылдары Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын кызмат ордун ээлеген.

2018-жылдын майынан тартып азыркы учурга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин мүчөсү.

Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигин өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн КМШнын Аткаруу комитетинин Грамотасы менен сыйланган, ошондой эле КМШнын Тышкы иштер министрлер кеңешинин ыраазычылыгы бар.

Россия Федерациясында биринчи жолу расмий уюштурулган "Кыргыз Биримдиги" кыргыз диаспорасынын демилгечиси жана анын уюштуруучуларынын бири.

КМШнын Абхазиядагы, Грузиядагы чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча оперативдүү тобунун жетекчиси.

Талас областынын Бакай ата районундагы Ак-Дөбө айылынын ардактуу жараны болуп саналат.

1-класстагы катчы деген 1-дипломатиялык рангы бар.

Тема барбы? Kaktus.media'га жазыңыз: +996 (700) 62 07 60 (Бишкек) , +996 (558) 77 88 11 (Ош)
URL: https://kaktus.kg/753Шилтемени көчүрүү
Комментарийлер
дефолтная аватарка юзера
Колдонуучулардын комментарийлери модератор текшергенден кийин гана сайтка чыгат.
Комментарий калтыруунун шарттары
Биздин сайтта болбойт:
  • бирөө жарымды кемсинтүү
  • анын ичинде комментаторлорду дагы
  • кимге болбосун коркутуп-опузалоого
  • анын ичинде "сүйлөшүү үчүн жолугушууга"
  • далили жок же күбөлөрдүн көрсөтмөсү жок компромат маалыматты жарыялоого
  • КРдин мыйзамына каршы чыккан комментарийлерди жарыялоого
  • транслит менен комментарий жарыялоого
  • баш тамга менен комментарий жазууга
  • башкалардын аброюна, улутуна, динине шек келтирүүчү комментарийлерди жазууга
  • бир жаңылыктын алдында ар башка ник менен комментарий калтырууга
  • Ник катары "Кактус", "kaktus", "kaktus.kg" дегеле интернет басылманын атынан айтылып жаткандыгын көрсөтүүчү ушул өңдүү сөз айкаштарды колдонууга
  • материалдын маанисине дал келбеген комментарийлерди калтырууга
  • ник катары башка реалдуу адамдын аты-жөнүн колдонууга
  • башка сайттардын шитемелерин жана гиппершилтемелерин көрсөтүүгө Комментарийлер (анын ичинде никтер дагы) үч тилдин биринде гана жазылышы мүмкүн: мамлекеттик (кыргыз), расмий (орус) же эл аралык (англис).
  • Жогоруда аталган тилдерди бир комментарийде бир эле учурда колдонууга уруксат берилет.
ӨЙДӨ  
АРТКА