Ысык-Көлдө велосипедчен жаранды унаа сүзүп каза болду. Видео
RU

Ысык-Көлдө велосипедчен жаранды унаа сүзүп каза болду. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө казакстандык жаран кырсыкка учурап каза болду. Окуя 16-июнда болгонун Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан Kaktus.kg'ге билдиришти.

Ысык-Көл районунун Комсомол айылынан Бишкекке бара жаткан 41 жаштагы айдоочу Lexus RХ 300 унаасы менен бара жатып алдындагы Nissan унаасын сүзгөн. Андан ары айдоочу рулга ээ боло албай жол жээктеги велосипедчен жаранды сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен велосипедчен жаран каза болду. Ал 58 жаштагы Казак жараны экени такталды.

Жол кырсыгы каттоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7545