Аламүдүндө мал фермасынан өрт чыгып, 223 бука күйүп кетти. Видео
RU

Аламүдүндө мал фермасынан өрт чыгып, 223 бука күйүп кетти. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Пригородное айылында фермадан өрт чыгып 223 бука жана 30 миң түк чөп күйүп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрттү өчүрүүгө жалпы 6 бөлүм, 1 суу ташуучу унаа жана 1 штаб тартылганын кабарлайт.

Өрт кечээ, 17-июлда чыгып түнкү саат 2:03тө чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Өрттүн себеби жана келтирилген материалдык чыгым такталууда. Кырсыктын кесепетинен болжол менен 223 бука жана 30 миң түк күйгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7554