Кара-Кечеде жер көчүп, көмүр ташыган айдоочулар коңгуроо кагышууда. Видео
RU

Кара-Кечеде жер көчүп, көмүр ташыган айдоочулар коңгуроо кагышууда. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарын облусундагы Кара-Кече көмүр кени кайрадан урап түштү. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына окуянын күбөлөрү билдиришти.

Алардын айтымында, жабыркагандар жок. Ал эми урандылардын астында трактор калган. Ансыз да техниканын жетишсиздигинен бүтүрүүгө үлгүрбөй калган жумуштар дагы бир жумага кечиктирилгенин айтат күбөлөр. Алар белгилегендей, акыркы эки жумада көмүр кенинде үчүнчү ирет кырсык болду.

Бишкек ЖЭБине көмүр ташыган айдоочулардын бири эки суткада 50 гана жүк ташуучу унаа бир эле каттам жасашканын айтат.

Биздин мойнубузга 2 миллион тонна көмүр жеткирүү илинген. Бул үчүн бизге 800 унаа керек, анын жарымы көмүр ташып бара жаткан болсо, жарымы кайра карьерге кайтып келиши керек болчу. А бизде болгону 50 унаа, анда да эки күндө бир жолу көмүр алып чыгышат. Кышында кырсык болот, биз жетишпей калабыз.

Kaktus.media`га өздүк булактар билдиргендей, учурда Бишкек ЖЭБинде болгону 70 миң тонна көмүр бар, бул эки аптага жетет. Көмүр казуу иштери атайын техниканын жетишсиздигинен эки айга кечиктирилип жатат.

Ал арада "Кыргызкөмүр" ишканасы жер көчкү мындан 11 күн мурда болгонун маалымдады.

"Кара-Кечеде болгон жер көчкү 8-июлга караган түнү, башкача айтканда, 11 күн мурун болгон. Кырсыктан жабыркагандар жок, иш кадимкидей уланууда", - дешет маалымат кызматынан.

Эске салсак, энергетика министри Доскул Бекмурзаев Кыргызстан быйыл импорттук көмүрдөн баш тартууну көздөп жатканын айткан. Ал жылытуу мезгилинде Бишкек ЖЭБине көмүр Кара-Кече кенинен алынып келерин белгилеген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7574