Анжелика Кайратова менен Назира Айтбекованын кайым айтышуусу уланууда
RU

Анжелика Кайратова менен Назира Айтбекованын кайым айтышуусу уланууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы Анжелика Кайратова менен алып баруучу Назира Айтбекова социалдык тармак аркылуу кайым айтышты. Алардын пикир келишпестиги дин маселесине байланыштуу. Ырчы Анжелика Кайратова Instagram баракчасына жылаңач денеси менен мактанган кыргыз айымдары тууралуу пикир калтырып, "жалгыз бой "эне" деген статуска татыктуу болуш керек" деп жазган.

Ырчынын бул пикиринен кийин Назира Айтбекова "чечингеним силердин тоодой күнөөңөрдүн алдында бир тамчы" деген.

Ал арада алып баруучу Канышай Рыспекова "коомдо "чала молдо" пайда болду" деген оюн айтты.

Кийинчерээк Анжелика Кайратова алып баруучуларга жооп кылып, алып баруучуларды "жылаңач баатыр" деп, динге асылбоосун, алардын учурда кылып жаткан иштерин сыйлай турганын жазып калтырды.

Буга Назира Айтбекова кайым айтышууну уланта берсе деле болорун бирок эжелик кылып токтоторун айтып, ырчыга тийишип өттү.

Алып баруучунун пикирине кызаңдаган Анжелика Кайратова "атеистке кайрылуу" деген пост жазды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7582