Сокулукта аялын көчөдөн сабаган кишинин үстүнөн арыз түшкөн жок. Видео
RU

Сокулукта аялын көчөдөн сабаган кишинин үстүнөн арыз түшкөн жок. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун Сокулук айылында күйөөсү аялын сабаган видео интернетке тарады. Окуя 19-июлда кечинде көчөдө орун алганын күбө билдирди. Айтымында, ал жардам берүүгө ниеттенген. Бирок аял аралашпа деген белги берген, мындан улам видеого тартып алган.

Видеодон аялдын жерге жатып калганын, күйөөсү аны сөгүп жатканын көрүүгө болот.

Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан Kaktus.kg`ге аялын сабаган окуя боюнча арыз түшпөгөнүн билдирди. "Жерине милиция кызматкерлери кетишти, текшерүүдөн кийин маалымат беребиз", - дешет башкармалыктан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7587