Таласта агасы менен карындашынын сөөгү дарыядан табылды
RU

Таласта агасы менен карындашынын сөөгү дарыядан табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Талас облусунда дарыяга түшүп кеткен бир туугандардын сөөгү табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өспүрүм кыздын сөөгү суунун үстүндө калкып калган.

19-июлда Манас районуна караштуу Покровка айылында 18 жаштагы У.Э. аттуу жигит жана 16 жаштагы У.К. аттуу кыз (бир туугандар) дайынсыз жоголгон.

Издөө иштерин милиция кызматкерлери жүргүзүшкөн. Бүгүн, 20-июлда издөө иштерине 5 куткаруучу да тартылган.

Натыйжада Талас дарыясынан бир туугандардын биринин сөөгү саат 11:20 чамасында суу үстүндө калкыган абалда табылды. 1 жарым саат өткөндөн кийин куткаруучулар суунун түбүнөн жигиттин сөөгүн алып чыгышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7589