Чүйдө секелек кызды өгөй атасы порнобизнеске аралаштырган
RU

Чүйдө секелек кызды өгөй атасы порнобизнеске аралаштырган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Укук коргоочу Мээрим Осмоналиева Чүйдө 10 жаштагы кыз порнобизнеске тартылганын айтып чыкты. Ал белгилегендей, кызды бул ишке өгөй атасы аралаштырган.

Oasis фондунун директору Мээрим Осмоналиеванын айтымында, кыздын видео жана сүрөттөрүн эл аралык порно сайттарга өгөй атасы сатып жүргөн. Кыз эки жылдан ашык убакыт бою зордук-зомбулукка жана сексуалдык эксплуатацияга дуушар болгон. Учурда кыз 12 жашта.

Укук коргоочу Kaktus.media`га билдиргендей, өгөй атанын эки жыл бою секелектин порнографиялык сүрөттөрүн таратып жүргөнү америкалык атайын кызматтар тарабынан аныкталган. Андан соң АКШнын Мамлекеттик департаменти бул маалыматты кыргыз бийлигине жеткирген.

Осмоналиеванын айтымында, башка өлкөнүн укук коргоо органдары аталган кылмышты токтотпосо, бул иш байкалбай калмак. Бүгүнкү күндө кыздын өгөй атасына төмөнкү беренелер боюнча айып тагылган:

155-берене "Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер";

162-берене "Баланы порно бизнеске тартуу";

156-берене "Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоого мажбурлоо";

161-берене "Порнографиялык мүнөздөгү каражаттарды таратуу".

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7591