Ысык-Көлдө милициянын майору кызмат учурунда каза болду
RU

Ысык-Көлдө милициянын майору кызмат учурунда каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ички иштер министрлигинин мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы, милициянын майору Улукбек Балагазыев жол кырсыгында көз жумду.

ИИМдин маалыматына караганда, кырсык 19-июль күнү кечинде орун алган. Анда майор Ысык-Көл облусунда кызмат учурунда жүргөндө жол кырсыгы катталган.

Ал 16-октябрда 36 жашка чыкмак. Анын артында аялы эки баласы менен калды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7596