Каракол шаарына курулуучу маданий борбордун эскиздери талкууланды
RU

Каракол шаарына курулуучу маданий борбордун эскиздери талкууланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 2000 орундуу маданий борбор курулат. Бул туурасында президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришет.

Маалым болгондой, маданий борбор курууну облус башчысы Алтынбек Сулайманов демилгелеп чыккан.

Кечээ, 20-июлда борбордун долбоорун иштеп чыгуу боюнча жарыяланган сынакка келип түшкөн эскиздер талкууланды.

Маданий борбор Каракол шаарындагы Карасаев көчөсүнө курулуп, 4 гектар аянтты ээлейт. Бул жер бир гана концерттик же спорттук иш-чараларды өткөрүүчү зал болбойт, ичинде конференц-залдар, китепкана, кофейня, балдар аянтчасы жана башка жайлар жайгашып, жылдын төрт мезгилинде конокторду кабыл алууга ылайыкталып салынат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7598