Садыр Жапаров: Мамлекеттик чек араны делимитациялоо иштери уланууда
RU

Садыр Жапаров: Мамлекеттик чек араны делимитациялоо иштери уланууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 21-июлда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусу өтүүдө.

Президент Садыр Жапаров жыйынды ачык деп жарыялап бир катар маселелерге токтолду. Көтөрүлгөн маселелердин бири чек ара болду.

"Жалпы коопсуздук, туруктуулук жана бакубатчылык мамлекеттердин ортосундагы мамилелердин атмосферасына көз каранды. Учурда Кыргызстандын боордош Өзбекстан жана Тажикстан менен болгон мамлекеттик чек арасын делимитациялоо иштери уланууда. Бул чек араларды тынчтыктын, достуктун жана ишенимдин ачык көпүрөсү болууга алып келет.

Ал эми Фергана өрөөнүнүн өзүн Борбор Азиянын чыныгы оазисине айландыруу үчүн сүйлөшүүлөр процессин өз ара пайдалуу түрдө аяктоо боюнча саясий эркибизди ырастагым келет", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7600