Ысык-Көлдө президенттерди тосуп алган кыздардын кийими суктанууну да, сынды да жаратты
RU

Ысык-Көлдө президенттерди тосуп алган кыздардын кийими суктанууну да, сынды да жаратты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлгө келген коңшу өлкөнүн президенттерин тосуп алуу иш-чарасында боорсок, гүл көтөргөн кыздардын кийими талкууга алынды. Социалдык тармактын колдонуучулары эки жээкке бөлүнүп, бир тарабы суктануусун билдирсе, экинчи тарап сынга алышууда.

Кызуу талкуу жараткан кийимдер боюнча журналист Назира Бегим жооп берип, форманы 4 дизайнер иштеп чыкканын айтты.

Стиль, эстетика, кийим боюнча пикирлер көбөйүп кетиптир. Эми "эксперттер" силердин "карооңордон" өтпөй калыптырбыз, кечирип койгула. Бул кийимдер төрт дизайнердин кийимдеринин айкалышы. Стилин коюштурган мен жана Ынтымак. Баштагы жоолуктарды ороткон да мен, орогон Ынтымак. Көп кийимдерди изилдеп, өлкө башчыларын тосууда сулуулукту да, улуулукту да, этиканы да, тазалыкты да көрсөткүбүз келди. Эң мыкты жасалган деп билем.

Назира Бегим белгилегендей, кызыл көйнөктөр Ирина Унсаланга, үстүндөгү чапандар жана көк көйнөктөр Жамиля Стамбековага, көк көйнөктөрдүн үстүндөгү жүндөн атайы колго жасалган чыптамалар жаш дизайнер Апал Акматбековага, ал эми кыздардын башына оролгон жоолуктар Азия Инновациялык колледжинин дизайнер студенттеринин эмгектери.

Эми жаңылык албетте, дайым өзгөчө көрүнөт, кээ бирин таң калтырат, кээ бирин суктандырат, кээ бирин чочутат. Себеби, баягы эле бир көрүнүшкө көнүп калышкан. Кээ бири шөкүлө дейт. Шөкүлөнү кыз бала турмушка узаганда киет, элечек, үкү топуну тозсуп алуу иш-чараларына кийүүгө болбойт. Жакшынакай кылып ородук. Бул жоолуктар атайы сайма менен куралган, колго жасалган. Расмий иш-чарага ылайык.

Бир жакшы ой, жакшы тилек менен пикир калтырганды билели. Ал эми эркектердин аял кишинин кийимине чейин аралашып кеткени, уят нерсе. Буюрса, дагы атайы кийимдер тигилип жатат. Кыргыз кызынын кыялын, ыймандуулугун, бийиктигин көрсөткөн көйнөктөр. Эгер мындай маалыматыңар жок болсо, эми биле жүргүлө!

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбордук Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусу өтүүдө. 20-21-июль күндөргө белгиленген иш-чарага Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстандын президенттери келишти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7602