Аламүдүндө коомдук транспорттун жүргүнчүсү бычакталды
RU

Аламүдүндө коомдук транспорттун жүргүнчүсү бычакталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдүн Аламүдүн районунда коомдук транспорттун жүргүнчүсү бычакталып, денесинен жаракат алды. Маалыматты облустук ички иштер башкы башкармалыгынан Kaktus.kg сайтына кабарлашты.

Окуя 21-июлда коомдук транспорттун жүргүнчүлөрүнүн ортосундагы пикир келишпестиктен улам келип чыккан.

Анда Ж.Ж. аттуу жаранга О.А. аттуу жүргүнчүнүн коомдук жерде өзүн алып жүрүү боюнча айткан сөзү жакпай калган. Алардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, аягы бычак саюу менен аяктаган. Жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлүп, кол салган жаран кармалды.

Бул факты 280-берене (ээнбаштык) менен каттоого алынып, сотко чейинки тергөө иштери башталды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7613