Бишкекте чет элдик жаран жасалма доллар менен кармалды
RU

Бишкекте чет элдик жаран жасалма доллар менен кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте жасалма акча сатууга шектелип Азербайжандын жараны кармалды. Ал 21-июлда 3800 долларды сатууга аракет кылган дешет УКМКдан.

Кармалган жарандын убактылуу жашаган жеринде тинтүү жүргүзүү учурунда 17 400 доллар жасалма акча табылды. Азыркы учурда шектүү УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Бул кылмышка тиешеси барларды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7617