Ысык-Көлдө эс алуучу жайдын кызматкерлерин бычак менен коркуткандар кармалды
RU

Ысык-Көлдө эс алуучу жайдын кызматкерлерин бычак менен коркуткандар кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү ээнбаштык кылганга шектелип кармалды. Облустук ички иштер башкармалыгынан Kaktus.kg`ге билдиргендей, арызды Бишкектин тургуну жазган.

21-июлда Бишкектин тургуну арыз жазган. Анда курбусу менен Бостери айлында жайгашкан эс алуучу жайлардын биринде барды иштетерин билдирген. Ошол күнү болжол менен саат 05:30 чамасында үч жаран келип, оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, кол көтөрүп, бычак менен коркутушуп, андан кийин ар кандай ичимдиктерди ичишип, бардын буюмдарын жана идиш-аяктарын сындырып кетишкендигин айткан.

Арыз Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында кылмышка шектүү жарандар колго түшүрүлдү. Кармалгандар ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары турушкан, Бостери айылынын 28 жаштагы А.Т., 27 жаштагы Ж.Р. жана 21 жаштагы А.К. аттуу тургундары болот.

Кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7620