"Иштебеген сауна экен". Балбак Түлбөбаев көлдөгү видеосу боюнча үн катты
RU

"Иштебеген сауна экен". Балбак Түлбөбаев көлдөгү видеосу боюнча үн катты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бир күн мурда Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаевдин Ысык-Көлдө эс алып жаткан видеосу тараган. Анда депутаттын пирстеги мончодон чыгып жатканын, ал видеого "тартпа" дегенин көрүүгө болот.

Талкууга алынган видеосу боюнча Балбак Түлөбаев кийинчерээк үн катты. Ал жакында эле Жети-Өгүз аймагын кыдырганын, фракция депутаттары менен жолугушуп, сүйлөшүп алуу үчүн Costa-Brava пансионатына чогулганын айтат. Депутат эл менен чогуу жүрүп, сууга түшкөнүн айтып "чет өлкөдө эс алган жерим жок, өзүбүздүн Ысык-Көлдө эс алып жатам" дейт.

Ошондой эле сынга алгандарга: "Көлгө түшөрдөн мурда татынакай болуп душка түшүп келдик. Элдин барын өзүңөрдөй ойлобогула, кирин эзип, мончого түшүп жатыптыр деп... Ал сауна иштебейт экен, мага ошентип айтышты", - дейт эл өкүлү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7633