Ысыкта кайсы тамак-ашты чектөө керек? Адистердин сунушу
RU

Ысыкта кайсы тамак-ашты чектөө керек? Адистердин сунушу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык аба ырайында табит качып, адамдын суусуну канбайт. Ошол эле учурда тамактанбай коюу иммунинтеттин түшүшүн шарттайт. Адистер ысык аба ырайында туура тамактануу керектигин айтышат.

Биринчи кезекте спирт ичимдиктеринен, оор тамак-аштан (фастфуд, эт менен бышырылган тамактар), ачуу соустар жана майлуу куурулган тамактардан баш тартуу сунушталат.

Мындай аба ырайында жашылчалар, эт, балык жана деңиз азыктары менен тамактанган пайдалуу. Денени жетиштүү суу менен камсыз кылуу керек. Тамактануу рационунда мөмө-жемиштердин көлөмүн, өзгөчө жашылчаларды көбөйтүү керек.

Жайкысын нандан баш тарткан оң, анткени ысык мезгилде бул оор кабыл алынат дешет адистер. Бирок эртең мененки тамакка ачыткы кошулбаган нанды же кытырак нанды колдонсо болот экен. Жайкысын ысык шорпо менен борщтун ордуна муздак шорпо-пюре, муздак шорпо ичүү ичегилердин абалын жакшыртууга абдан жакшы жардам берерин дарыгерлер белгилешет.

Жемиштерди ашыкча колдонуу да зыян экенин билип алыңыз. Анткени таттуу жана өтө бышып кеткен жемиштерде холестериндин деңгээлин жогорулаткан фруктоза көп болот. Жемиштерди ашыкча пайдалануу боор клеткасынын абалын майлуу гепатозго (майдын ашыкча топтолушу) алып келет. Ошондуктан жемиштерди керектөөнү чектөө керектелет. Ал эми мөмөлөрдү эртең менен да, кечинде да жей берсе болот дешет диетологдор.

Жайында майлуу тамактардын, курамында крахмал бар азыктардын көлөмүн азайтып, жашылчалардын көбөйтүү керек. Диетологдор жемиш ширелерин ичүүдөн баш тартууну кеңеш кылат, анткени курамында фруктоза көп дешет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7651