Муфтияттын бухгалтери УКМК кызматкерлерине пара берип жаткан видеосу жарыяланды
RU

Муфтияттын бухгалтери УКМК кызматкерлерине пара берип жаткан видеосу жарыяланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарда УКМКнын кызматкерлери Кыргрызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын бухгалтерин камакка алган видеосу жарыяланды. Виедодо, экс-муфтий Максат ажыга окшош бирөө белгисиз адамдарга акча берүү туурасында сүйлөгөн сөзү да бар.

Кадрлардын биринде Максат ажы Токтомушевге окшош бирөө, бардык сумма даяр эместигин айтып (кеп $100 жөнүндө болуп жатат), азырынча 40 миң беришет, кечинде калган 30 миңин бере турганын айтат. Сумманын калган бөлүгүн кийинчерээк бериле тургандыгы айтылат. Башка адам, андан кандайдыр бир справканы сурап жатат.

Бул видео КМДБдеги жаңжалга кандайдыр бир тиешеси барбы же жокпу, азырынча белгисиз.

Видеонун экинчи бөлүгү КМДБнин бухгалтери акча берип жаткан жеринен кармалып калгандыгы жөнүндө. Анда УКМКнын кызматкерлери өздөрүн атап, бул инцидент сотко чейинки өндүрүшкө катталганын айтышат.

Эске салсак, УКМК КМДБнин башкы бухгалтерин жана экс муфтий Максат ажы Токтомушевди ири өлчөмдөгү жемкорлук иши боюнча камакка алган. УКМКнын билдирүүсү боюнча муфтият ажылыктан түшкөн каражатты жеке менчик мекемелерге үстөк пайызы менен берип келген, деп шектелүүдө. Соттун чечими менен экс-муфтий үй камагына чыгарылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/765