Сузакта 17 күндөн бери табылбай жаткан кишинин жакындары коомчулуктан жардам сурайт
RU

Сузакта 17 күндөн бери табылбай жаткан кишинин жакындары коомчулуктан жардам сурайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 43 жаштагы киши үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда. Ал 11-июлдан бери жок болуп жатканын облустук милициядан Kaktus.kg сайтына билдиришти.

Маалым болгондой, Жаңы-Айыл айылынын 43 жаштагы Өмүрбек Исламов аттуу тургуну 11-июль күнү саат 09:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайтып келген эмес. Бүгүнкү күнгө чейин анын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: бою 175-180 сантиметр, ак жумал, чачтары кара, кыска, кашы, көзү кара, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: башында боз түстөгү кепка, үстүндө боз түстөгү футболка жана спорттук шым, бутунда күрөң түстөгү красовка.

Дайынсыз болуп жаткан Исламов Өмүрбек боюнча кандайдыр бир маалымат билгендер болсо кабарлап коюуну суранышат милиция кызматкерлери. Байланыш номерлери: 03722-7-39-90, 102, 0553-78-00-78, 0777 80-65-68.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7660