Жасалма диплом менен иштеп жүргөн дарыгер пара берүүгө шектелип кармалды
RU

Жасалма диплом менен иштеп жүргөн дарыгер пара берүүгө шектелип кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда үй-бүлөлүк дарыгер УКМКнын кызматкерине пара берүүгө аракет кылган учурда кармалды. Бул туурасында УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, Кочкор-Ата шаардык жалпы медициналык практика борборунун үй-бүлөлүк дарыгери Т.Г.Х. 2000 доллар пара берүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалды.

Ал Бишкектеги Кыргыз-Орус Славян университетинин жогорку билими тууралуу жасалма дипломду пайдаланып, ага акт түзүп өз ыктыяры менен берүүсү аныкталган. Бирок кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу амалында текшерүүнү токтотуу жана фактыны жашыруу үчүн коопсуздук кызматкерине пара сунуштаган.

Кармалган жаран мурда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Үч-Коргон айылындагы аймактык оорукананын филиалында хирург болуп иштеген.

Аталган факты 345-берененин 1-бөлүгүндө (Пара берүү) каралган кылмыштын негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки өндүрүш ишине катталды. Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7674