УКМК: "Кабарлар" агенттигинин жетекчиси Үмүт Мукамбетова камакка алынды
RU

УКМК: "Кабарлар" агенттигинин жетекчиси Үмүт Мукамбетова камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын кызматкерлери "Кабарлар" маалымат агенттигинин жетекчиси Үмүт Мукамбетованы камакка алышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.

Ведомство берген маалыматка ылайык, УКМК "Акча опузалоо" беренси боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүп келеген.

"Ү.М. 84 миң сом алып жаткан жеринен камакка алынды. Ал видео материалды алып салуу үчүн акча опузалаган. Анда айыптоочуу мас абалында машинени айдагандыгы үчүн кайгуул кызматы тарабынан администртивдик жоопкерчиликке тартылып жаткан. Массалык маалымат каражатынын жетекчиси УКМКнын СИЗОсунун убактылуу кармоочу жайына жеткирилди", - деп ведомство билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/767