Аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө жарлыкка кол коюлду
RU

Аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө жарлыкка кол коюлду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров "Куралдуу Күчтөрүнүн мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2021-жылдын март–майында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө" жарлыкка кол койду.

Белгилей кетсек, чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктары болбогон, чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтырылуу укугунан ажыраган эркек жарандар 2021-жылдын март–май айларында Куралдуу Күчтөрүнө аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына мөөнөттүү аскердик кызматка жана альтернативдик кызматка чакырылат.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/768