Артем Новиков бажы кызматын текшерүүнү улантууда. Бул ирет Баткен облусунда
RU

Артем Новиков бажы кызматын текшерүүнү улантууда. Бул ирет Баткен облусунда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Премьер-министрдин м.а. Артем Новиков "Кызыл-Бел" жана "Кайрагач" өткөрүү пунктунун иши менен таанышты.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында пландаштырылган графиктен тышкары "Кызыл-Бел - Автожол" жана "Кайрагач - Автожол" өткөрүү пунктунун иши менен таанышып чыкты.

Аталган өткөрүү пункттарын көрүүдө инспекциялык текшерүү комплексинин жана видео көзөмөл тутумунун ишиндеги айрым кемчиликтер аныкталган.

Жыйынтыгы боюнча Премьер-министрдин м.а. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кадыржан Семетеевге ыкчам топ түзүп, аталган өткөрүү пункттарына толук текшерүү жүргүзүү үчүн жөнөтүү тапшырмасын берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/76