Ырчы Шакира сегиз жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Себеби
RU

Ырчы Шакира сегиз жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Себеби

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Белгилүү ырчы Шакира салык төлөөдөн качканы үчүн түрмөгө кесилиши мүмкүн. Daily Mail билдиргендей, испан прокурорлору дүйнөлүк жылдызды кеминде сегиз жылга эркинен ажыратууну жана 23,7 миллион еврого жакын айыппул төлөтүүнү суранууда.

Шакира алты кылмыш боюнча айыпталууда. ЖМКлардын маалыматына караганда, ырчы эки жыл - 2012-жылдан 2014-жылга чейин бир катар салыктардан качкан.

Прокурорлор ырчы бул жылдары "Барселонанын" оюнчусу Жерар Пике менен мамиледе болуп, Барселонада такай жашап жүргөндүгүн айтышууда. Ошол эле учурда, Шакира, мурда Багам аралдарынын салык резиденти болуп, 2015-жылы гана Испаниянын толук салык резиденти катары катталган.

Басылманын маалыматына ылайык, Испанияда жылына 183 күндөн ашык убакыт өткөргөн адамдар өлкөнүн резиденттери катары эсептелинип, салык төлөшү керек.

Салык инспекторлору Шакиранын тарыхын, анын ичинде чач тарачтарга барганын, ал тургай ырчынын социалдык тармактарын талдап, Испанияда көп убакыт өткөргөнүн далилдөөгө бир жылдан ашык убакыт сарпташкан.

Алар 2012-жылы Испанияда 242 күн, 2013-жылы 212 күн жана 2014-жылы 243 күн Испанияда болгон деген жыйынтыкка келишкен.

2022-жылдын июнь айында Шакира Барселонанын оюнчусу Жерар Пике менен ажырашып жатканын жарыялаган. Бир катар маалымат каражаттары сүрөтчү Пикенин чыккынчылыктарын билип калганын жазышкан. Жубайлардын эки баласы бар: Милан (тогуз жашта) жана Саша (алты жашта).

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7708