Дарыгерлер маанайды көтөрө турган азыктарды аташты
RU

Дарыгерлер маанайды көтөрө турган азыктарды аташты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дарыгерлер маанайды көтөрө турган азыктарды аташты. Бул тууралуу чехиялык iDnes басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, адамдын маанайына мээ жана эндокриндик система жооптуу болуп эсептелет. Дарыгерлердин жүргүзгөн изилдөөлөрүндө кээ бир тамактарды жегенде адамдын маанайы көтөрүлүп, депрессия менен күрөшүүгө жардам берет.

Дарыгерлердин айтымында, омега-3 май кислоталары депрессиялык ойлорду жеңүүгө жардам берет. Олуттуу санда алар майлуу балыктарда, деңиз азыктарында, жаңгактарда, жумурткаларда жана зайтун майында кездешет. Бул азыктарды үзгүлтүксүз колдонуу менен мээ клеткаларында серотониндин деңгээлинин жогорулашына жардам берет.

Ошондой эле бул азыктар жан дүйнөнүн тынчтыгын сактоого жана организмде фолий кислотасынын көбөйүшүнө салым кошот.

Кошумчалай кетсек, куркумадагы куркумин да адамдын психикасына оң таасир берет. Бул татымал ашыкча тынчсызданууну жана депрессияны алдын алат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7710