Салык төлөбөш үчүн. Дональд Трамп мурдагы аялын гольф аянтчасына көмдү (сүрөт)
RU

Салык төлөбөш үчүн. Дональд Трамп мурдагы аялын гольф аянтчасына көмдү (сүрөт)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дональд Трамп жубайы Ивананы Нью-Жерсидеги гольф клубуна көмгөн. Мунун себеби салыктан качуу болгон. Бул тууралуу бир топ чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Американын мурдагы президентинин биринчи жубайы Ивана июлда каза болгон. Бир жума мурун аны акыркы сапарга узатышты.

Бул маалыматты өзүн салык изилдөөчүсү деп атаган социология профессору Брук Харрингтон тастыктады. "Мен Трамп мурдагы аялын салык жеңилдиктери үчүн гольф аянтчасына көмдү деген имиштерден күмөн саначумун. Бирок изилдөөнүн жыйынтыгы таң калтырды. Мен салык кодексин текшерип, бул чын эле үч эселенген салыктан качуу экенин билдим. Ал муну менен байлык салыгы, киреше салыгы жана сатуудан алынуучу салыктан бошотулат", - деп бөлүштү Харрингтон социалдык тармактарда.

Ал эми изилдөөчүнүн бул тыянагы интернет колдонуучулар менен жергиликтүү журналисттердин нааразычылыгын жаратты. Бирок Трамп өзү эмне болуп жатканына комментарий берген эмес.

Акыркы сапарга узатуу аземине азыркы жубайы дагы катышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7718