Дагы төрт партия Бишкек шаардык кеңештин шайлоосуна катыша тургандыгын билдирди
RU

Дагы төрт партия Бишкек шаардык кеңештин шайлоосуна катыша тургандыгын билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дагы төрт партия Бишкек шаардык кеңештин шайлоосуна катыша тургандыгын билдирди. Бул тууралуу Kaktus.media'га Бишкектин территориалдык шайлоо комиссиясы маалымат берди.

Шайлоого катышкандыгы тууралуу арыз жазгандар "Улутман", "Кыргызстан", "Кыргызстандын Элдик Патриоттук "ТЫНЧТЫК" партиясы" саясий партиясы жана "Айкөл Кыргызстан" партиясы.

Ошону менен шайлоо алдындагы жарышка 25 партия аттанды. Мындан мурун "Ата Журт" партиясы өз талапкерлигин артка чакырткан.

  • Жашылдар партиясы.
  • "Ыйман Нуру".
  • "Ата Мекен".
  • "Легалайз".
  • "Эмгек".
  • "Бүтүн Кыргызстан".
  • "Улуу Журт".
  • "Кыргызстандын социал-демократтары".
  • "Патриот".
  • ЭДПК.
  • "Бирге-Вместе".
  • "Свобода выбора".
  • "Ишеним".
  • Кыргызстандын коммунисттер партиясы.
  • "Ынтымак".
  • "Замандаш".
  • "Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясы".
  • "Реформа".
  • "Биздин эл".
  • "Ак бата".
  • "Кыргызстан Прогрессивдүү Жаштар Партиясы".
  • "Улутман" Республикалык Партиясы".
  • "Кыргызстан".
  • "Кыргызстандын Элдик Патриоттук "Тынчтык" партиясы".
  • "Айкөл Кыргызстан".

Белгилей кетсек, Бишкек территориалдык комиссиясы жергиликтүү шайлоого катышуу үчүн арыздарды 1-мартка чейин кабыл алат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/771