Алайга барган туристтер карда, килеми жок чатырда түнөп калууга аргасыз болушкан (видео)
RU

Алайга барган туристтер карда, килеми жок чатырда түнөп калууга аргасыз болушкан (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чоң-Алай районундагы TooFest-2022 фестивалына келген туристтер карда калып, суук чатырларда түнөшкөн. Ыктыярчылар өздөрү эмне кылаарын билбей, жардам бере албай калышкан.

Фестивалга баргандар уюштуруучулар убада кылгандарын аткарбаганы үчүн жапырт нааразычылыгын билдирип чыгышты. Алар укук коргоо органдарына жана прокуратурага жамааттык арыз даярдап жаткандарын билдиришкен.

Бул туристтик фестивал 30-31-июль күндөрү Ленин чокусунун астындагы өрөөндө өткөрүлмөк. Иш-чарада концерт, улуттук оюндар, этникалык көргөзмө, кемпинг ж.б. пландалган.

Келген коноктор аба-ырайынын начардыгынан транспорт иш-чара өтүүчү жерге да жете алган эмес. Туристтердин айтымында фестиваль Чоң-Алай районунун 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында уюштурулуп, ага кирүү баарына бекер экенин кийин билишкен. Ошондой эле чатырлар ал жердин аба-ырайына ылайыкташкан эмес. Жамгырдан суу акканына нааразы болушкан.

Андан тышкары айрым иш-чаралар токтотулган. Өзүнүн транспорту менен келгендер түн киргенге чейин кетип калууга үлгүрүп, калгандары калып калган. Айрымдары ооруп калышканын да айтып чыгышкан.

Туристерге деп тигилген боз үйлөрдө килемдер, уктоочу каптар жок болгону айтылды. Боз үйлөргө 20-30 адам отурукташкан. Тоңуп калгандарга ыктыярчылар эмес, жергиликтүү эл жардам берген.

Ал эми уюштуруучулар болуп өткөн окуяга аба-ырайы себеп болуп калганын, болгон күчүн жумшаганын айтып, түшүндүрмө ирээтинде пост жазып чыкты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7722