Министрлик Россиядагы мигранттардын балдарын Ысык-Көлгө эс алууга жөнөттү
RU

Министрлик Россиядагы мигранттардын балдарын Ысык-Көлгө эс алууга жөнөттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россияда эмгектенген мекендештердин балдары Ысык-Көлдөгү "Алтын Балалык" ден соолукту чыңдоо борборуна жөнөтүлдү. Саламаттыкты сактоо министринин милдетин убактылуу аткаруучу Жаркынбек Касымбеков башында турган делегация, Жогорку Кеңештин депутаты менен бирге балдарды эс алууга узатышты.

Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунан билдиришкендей, Россиядагы Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү саламаттык сактоо министринин орун басары Нурийла Шериевага кайрылып, мигранттардын балдарын "Алтын Балалык" ден соолук борборуна жөнөтүү демилгесин көтөргөн. Мунун алкагында 1-августта Саламаттыкты сактоо министрлиги 120 баланы Ысык-Көлгө эс алууга жөнөттү. Алардын ичинен 100 бала Свердлов облусунун Екатеринбург шаарынан келишкен.

"Чет мамлекеттерде эмгектенген мекендештерибиз Кыргызстанга жыл сайын каражат которуп, экономиканы көтөрүүгө чоң салым кошуп жатышат. Өз кезегинде министрлик тарабынан аларга ыраазычылык иретинде балдарын "Алтын Балалык" борборуна жөнүп турмакчыбыз", – деди Жаркынбек Касымбеков.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурийла Шериева бир гана Россияда эмес, башка мамлекеттерде иштеп жүргөн мекендештердин балдарын ден соолук борборуна жөнөтүү долбоору улантылаарын кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7723