"Кайрадан биргебиз". Асел Кадырбекова Нурлан Насип менен жарашканын ачыктады
RU

"Кайрадан биргебиз". Асел Кадырбекова Нурлан Насип менен жарашканын ачыктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы Асел Кадырбекова Нурлан Насип менен кайрадан бирге экенин ачыктады. Бул тууралуу Асел айым Instagram баракчасына жазды.

"Эми жашыруунун эч кандай мааниси жок деп ойлойм. Биз кайрадан биргебиз. Мунун баары кызыбыз үчүн гана. Биз чоң адамбыз. Бул биздин чечимибиз. Демек, бардык кыйынчылыкты сүйүү жеңди.

Биз өз кезегинде биримдикке эч кимди аралаштырбай, бекемдөөгө аракет кылабыз. Күчтүү, бекем үй-бүлө куруу үчүн бизде күч жана акылмандык жетиштүү деп ишенем", - деп жазды ал.

Буга чейин түгөйлөр ак өргөлүү болушканын айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7742