Президент Садыр Жапаров биринчи чет элдик иш сапары менен Россия Федерациясына кетти
kaktus.kg

Президент Садыр Жапаров биринчи чет элдик иш сапары менен Россия Федерациясына кетти

320  0

Президент Садыр Жапаров биринчи чет элдик иш сапары менен Россия Федерациясына кетти

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-февралда, биринчи чет элдик иш сапары менен Россия Федерациясына кетти. Бул тууралуу өкмөт жетекчисинин маалымат кызматы кабарлады.

Белгилүү болгондой, иш сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, өлкөлөрдүн өз ара натыйжалуу байланышын өнүктүрүү келечегин талкуулашат.

Ошондой эле иш сапардын жүрүшүндө Мамлекет башчысынын Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин, Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко жана Мамлекеттик Думанын Төрагасы Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушуулары пландаштырылган.

Мындан тышкары, Россиянын бизнес-коомчулугу, ошондой эле Россиядагы мекендештер жана студенттер менен жолугушуу күтүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамы:

  • тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
  • Президенттин Аппаратынын Жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов;
  • биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков;
  • вице-премьер-министр - экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков;
  • Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев;
  • Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы атайын жана толук ыйгарым
  • укуктуу элчиси Гүлнара-Клара Самат;
  • коргоо министри Таалайбек Өмүралиев;
  • саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев;
  • өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев;
  • айыл, суу чарба жана аймактардын өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков;
  • транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева;
  • энергетика жана өнөржай министри Кубанычбек Турдубаев;
  • Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Алмамбет Шыкмаматов;
  • Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев;
  • Бишкек шаарынын мэринин м. а. Бактыбек Кудайбергенов.
Тема барбы? Kaktus.media'га жазыңыз: +996 (700) 62 07 60 (Бишкек) , +996 (558) 77 88 11 (Ош)
URL: https://kaktus.kg/775Шилтемени көчүрүү
Комментарийлер
дефолтная аватарка юзера
Колдонуучулардын комментарийлери модератор текшергенден кийин гана сайтка чыгат.
Комментарий калтыруунун шарттары
Биздин сайтта болбойт:
  • бирөө жарымды кемсинтүү
  • анын ичинде комментаторлорду дагы
  • кимге болбосун коркутуп-опузалоого
  • анын ичинде "сүйлөшүү үчүн жолугушууга"
  • далили жок же күбөлөрдүн көрсөтмөсү жок компромат маалыматты жарыялоого
  • КРдин мыйзамына каршы чыккан комментарийлерди жарыялоого
  • транслит менен комментарий жарыялоого
  • баш тамга менен комментарий жазууга
  • башкалардын аброюна, улутуна, динине шек келтирүүчү комментарийлерди жазууга
  • бир жаңылыктын алдында ар башка ник менен комментарий калтырууга
  • Ник катары "Кактус", "kaktus", "kaktus.kg" дегеле интернет басылманын атынан айтылып жаткандыгын көрсөтүүчү ушул өңдүү сөз айкаштарды колдонууга
  • материалдын маанисине дал келбеген комментарийлерди калтырууга
  • ник катары башка реалдуу адамдын аты-жөнүн колдонууга
  • башка сайттардын шитемелерин жана гиппершилтемелерин көрсөтүүгө Комментарийлер (анын ичинде никтер дагы) үч тилдин биринде гана жазылышы мүмкүн: мамлекеттик (кыргыз), расмий (орус) же эл аралык (англис).
  • Жогоруда аталган тилдерди бир комментарийде бир эле учурда колдонууга уруксат берилет.
ӨЙДӨ  
АРТКА