Кыргызстандын билим берүү тармагын жакшыртууга араб фонддору 100 миллион доллар бөлөт
RU

Кыргызстандын билим берүү тармагын жакшыртууга араб фонддору 100 миллион доллар бөлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Араб фонддору Кыргызстандын билим берүү тармагындагы реформаларды жүргүзүүгө 100 миллион доллар каражат бөлөт. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлиги кабарлайт.

Маалым болгондой, 3-августта Чолпон-Ата шаарында Араб координациялык тобунун IV кеңешмесинде билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Ислам өнүктүрүү банкынан каржылык колдоо алуу жөнүндө макулдашты.

Араб координациялык тобунун мүчөлөрү 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашырууну катышууга, атап айтканда, билим берүүнү өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Алмазбек Бейшеналиев жетишилген макулдашууларга ылайык, Кыргыз Республикасы 15 миллион доллар өлчөмүндө грант жана 85 миллион доллар насыя катары алууга укуктуу экенин билдирди.

Грант билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана окуу китептери менен камсыз кылууга багытталары пландалууда. Ислам өнүктүрүү банкынан, Абу-Даби өнүктүрүү фондунан жана Араб координациялык тобунун башка мүчөлөрүнөн алынган насыянын жарымы бала бакчаларды курууга, калган жарымы мектептерди курууга жумшалат.

Бала бакчаларды куруунун натыйжасында 45 миң бала мектепке чейинки билим берүү уюму, дагы 45 миң бала жаңы мектеп менен камсыздалары күтүлүүдө. Ал эми 3 миң тарбиячы жана мугалим жумуш орундары менен камсыз болот.

Араб координациялык тобуна:

Ислам өнүктүрүү банкы;

Сауд өнүктүрүү фонду;

Араб экономикалык өнүктүрүү боюнча Кувейт фонду;

Катар өнүктүрүү фонду;

Абу-Даби өнүктүрүү фонду;

OPEC`тин эл аралык өнүктүрүү фонду кирет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7778