Москвада канализацияда каза болгон кыргызстандыктардын кимдер экени такталды. Видео
RU

Москвада канализацияда каза болгон кыргызстандыктардын кимдер экени такталды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тышкы иштер министрлиги 7-августтагы Москвадагы окуя боюнча комментарий берди. Бул тууралуу аталган башкармалыктын маалымат бөлүмү билдирди.

Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, катуу жааган жамгырдын кесепетинен оңдоо иштери жүрүп жаткан канализацияны суу каптап, үч жумушчуну суу агызып кеткен.

Такталган маалыматтар боюнча алар Кыргыз Республикасынын эки жараны 2002-жылы туулган К.уулу Б. жана 1999-жылы туулган Б.уулу К. аттуу жарандар болгон.

Учурда каза болгондордун жакындарын аныктоо иштери жүрүп жатканын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Иш учурунда коопсуздук эрежелерин бузуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7796