Орус жаранынан 250 миң сом алмакчы болгон нотариустун кызматкери кармалып калды
RU

Орус жаранынан 250 миң сом алмакчы болгон нотариустун кызматкери кармалып калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад мамлекеттик нотариалдык конторасынын кызматкери пара алып жатканда кармалды. УКМКнын маалымат кызматынан Kaktus.kg`ге билдиришкендей, мамлекеттик нотариус орус жаранынан 3 миң доллар пара талап кылган.

Маалым болгондой, мамлекеттик нотариалдык конторанын У.С.С. аттуу кызматкери кыймылсыз мүлккө (батирге) мурастык укуктарды өткөрүп берүү жана жол-жоболоштуруу процессин тездетүү максатында Россия Федерациясынын жаранынан акча талап кылган.

5-августта жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Жалал-Абад шаарынын мамлекеттик нотариусу 250 000 сом пара алып жатканда кармалды. Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен ал камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7805