Баткенде аскердин огунан жаракат алган окуучунун окуясы боюнча эки түрдүү маалымат берилди
RU

Баткенде аскердин огунан жаракат алган окуучунун окуясы боюнча эки түрдүү маалымат берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде бир күн мурда 8 жаштагы бала аскер кызматкеринин огунан жаракат алып ооруканага түшкөн. УКМКнын Чек ара кызматынан жоокер кокусунан ок атып алганын маалымдады.

Кечээ, 7-августта Баткен облусунун Баткен районунун Миң-Өрүк айылынан алыс эмес жерде катардагы жоокер Ж. уулу К. кокусунан ок чыгарып, 8 жаштагы А.С`ны жарадар кылган. Жоокер Куралдуу күчтөрдүн уставынын талаптарын бузган. Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы жана укук коргоо органдары окуя боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

Ал эми Башкы прокуратуранын берген расмий маалыматында окуя башкача болгону айтылат.

7-августта болжол менен саат 19:00дө "Миң-Өрүк" убактылуу чек ара заставасында нөөмөттө турган жоокер Ж. уулу К`га 3 бала кайрылган. Жоокер алаксый түшкөндө балдардын бири (2013-жылы туулган С.Б.) куралды алып экинчисин (2014-жылы туулган С.А.К.) атып жиберген.

Анын кесепетинен 8 жаштагы бала курсагынан, белинен жана жамбашынын оң жагынан ачык жаракат алган. Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, бардык экспертизалар дайындалды. Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан жоокердин аракети боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Белгилей кетсек, 8 жаштагы баланын курсагынан кирген ок белинен чыкканын, ага опеарция жасалганын Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашкан. Ал эми Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан окуучуга аскер кызматкери ок атканын тастыкташкан болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7808