Альпинист Кыргызстандагы Хан-Теңири чокусунан түшүп келе жатып каза болду
RU

Альпинист Кыргызстандагы Хан-Теңири чокусунан түшүп келе жатып каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиялык альпинист Мария Нечаева Кыргызстандагы Хан-Теңири чокусунда каза болду. Бул тууралуу Башкырстандын спорттук туризм федерациясы ВКонтактедеги баракчасына билдирди.

Малыматка ылайык, 6-августта саат 12:30 чамасында кыз чокунун түндүк тарабынан 5,9 миң метр бийиктиктен кулап түшкөн. Анын сөөгү 5,6 миң метр бийиктикте табылган.

"Учурда куткаруучулар Мариянын сөөгүн тик учак менен Каракол шаарына эвакуациялоо үчүн Түндүк Эңилчек базалык лагерине түшүрүп жатышат", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7816