Чүйдө катуу шамал үйдүн чатырларын учуруп, электр энергия үзгүлтүккө учураган
RU

Чүйдө катуу шамал үйдүн чатырларын учуруп, электр энергия үзгүлтүккө учураган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Аламүдүн районуна караштуу Мраморный айылында 17 үй жана 2 сарайдын чатырын шамал учуруп кеткенин кабарлады.

Кырсык кечээ, 8-августта, саат 16:45 чамасында болгон. Бак-дарактардын кулаганынан, электр мамычалары жабыркап, эл жарыксыз калган.

Ал жерге 6 куткаруучу, айыл өкмөттүн 4 өкүлү жана РЭТтен 3 бригада тартылган. Электр энергиясын калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп, РЭС кызматы иш алып барууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7819