Ырчы Кызсайкал Кабылова ак өргөөлүү болуп, той кылды
RU

Ырчы Кызсайкал Кабылова ак өргөөлүү болуп, той кылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы Кызсайкал Кабылова үйлүү болуп, жакындарына чакан той жасады. Ал ак өргөөсүнө туугандарын чакырып бата алганын өзү менен кабарлашканыбызда белгилүү болду.

"Көп кабаттуу үйлөрдөн 3 бөлмөлүү батир алып, ошол жакка көчүп бардым. Буга чейин ата-энем, бир туугандарым менен чогуу жашачумун. Эми бул үйдө ата-энем, кызым менен жашайм. Жалгыз жашай албайм, ошондуктан ата-энем да келди", - деди ал.

Ырчынын жакшылыгын башкача жоругандар, тагыраагы, Кызсайкал турмушка чыгат деген кептер боюнча буларды билдирди.

"Азырынча турмушка чыгууну пландай элекмин. Жигитим деле жок. Курбум социалдык тармактагы баракчасына үйдөгү жакшылыктан сүрөт киргизип "сөйкө салуу" аземи деп коюптур. Ошондон улам "турмушка чыгып жатасыңбы?" деген суроолор болду", - дейт.

Кызсайкал Кабылова куудул Кабыл Бөрүбаевдин кызы. Ал кичинекей кезинен сахнада жүрүп, агасы Мажит менен "Бир тууганым" деген ырын аткарып, белгилүү болгон. 17 жашында турмушка чыгып, кыздуу болгондон кийин ажарышап кеткен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7823