Дмитрий Бивол Кыргызстанга келди
RU

Дмитрий Бивол Кыргызстанга келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бокстун WBA версиясы боюнча дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол Кыргызстанга келди. Аны "Манас" аэропортунан тосуп алышты.

Бивол машыгуу үчүн Ысык-Көлдөгү Тамга айылына барат. Ал жакта 28-августка чейин болору айтылды.

Белгилей кетсек Бивол Токмокто төрөлүп, кийин Россияга көчүп кеткен. Ал буга чейин да Кыргызстандын бокс боюнча курамасынын экс-башкы машыктыруучусу Адылкан Бекболотовдун чакыруусу менен Кыргызстанга машыгууга келген.

Үстүбүздөгү жылдын 7-майында Бивол Бүткүл дүйнөлүк бокс ассоциациясынын жеңил салмактагы кур үчүн беттеште мексикалык Сауль Канело Альварести жеңип алган. 31 жаштагы Бивол үчүн бул жеңиш анын карьерасындагы 20-жеңиши болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7829