Мамлекеттик каттоо кызматы балдарды өзүнүн атына жаздырган энени сотко берди
RU

Мамлекеттик каттоо кызматы балдарды өзүнүн атына жаздырган энени сотко берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда көпчүлүккө таанымал болуп калган Алтын Капалова үч баласын өзүнүн атына жаздырып, туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн алмаштырган. Балдар документтери боюнча Алтынович жана Алтыновна болуп калышты. Каттоо кызматынын пикири боюнча бул мыйзам бузгандык. А балким, мыйзамдын өзүн өзгөртө турган учур келди?

Мамлекеттик каттоо кызматы жазуучу жана жарандык активист Алтын Капалованы сотко берди. Ал үч баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө атасынын аты жазыла турган жерге өзүнүн атын жазган, башкача айтканда отчество эмес, матчествосун берген. Бул тууралуу ал өзү Facebook аккаунтуна жазган.

Калкты каттоо кызматы Капаловага доо-арыз жазганын Kaktus.media'га тастыктады. Сот 25-февралга дайындалган.

Ведомство түшүндүрүп бергенине караганда бул "Жарандык абалдын актылары тууралуу" Мыйзамды бузат.

"Калкты каттоо кызматы Капалованын жашы жете элек балдарын Свердлов ЖААК тарабынан жүргүзүлгөн жарандардын аты жөнүн өзгөртүүнү мамлекеттик каттоого алуунун мыйзамдуу болушу текшерилүүдө", - деп ведомство билдирди.

Калкты катоо кызматы кийинчерээк так маалымат берүүнү убада кылды.

Эске салсак, мындан мурун Капалова үч баласынын документтерин өзгөртүп, атасынын аты жазыла турган графага өзүнүн атын жаздырганын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/782