Кыргызстанда биринчи жолу энергетика тармагындагы аялдардын саммити өтүп жатат
RU

Кыргызстанда биринчи жолу энергетика тармагындагы аялдардын саммити өтүп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда биринчи жолу Борбор Азия өлкөлөрүнүн энергетика тармагындагы аялдарынын саммит-конференциясы өтүп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандагы энергетика тармагындагы аялдар ассоциациясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Самит 9-августтан 10-августка чейин Чолпон-Ата шаарында өткөрүлөт. Семинарда энергетика тармагында иштеген аялдар жана адистер билим жана тажрыйба алмашышат.

Анда Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан жана Тажикстандын энергетика тармагында иштеген аялдары, коммуналдык чарба министрликтеринин, көзөмөлдөө органдарынын, энергетикалык компаниялардын, университеттердин жана кесиптик уюмдардын өкүлдөрү катышкан.

Иш-чарада Борбордук Азия өлкөлөрүнүн энергетика тармагында иштеген айымдар кесиптик жана жеке турмушта туш болгон тоскоолдуктарды жана алдыда аткарыла турчу максаттарын талкуулашты. Андан тышкары келечекте STEM тармагында айымдардын санын көбөйтүү жолдору жөнүндө талкуу болду.

Эске салсак, Кыргызстандын энергетика тармагындагы аялдар ассоциациясы 2022-жылдын февраль айында түзүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7835