"Видео менен чалышты". Жылдыздардын атынан ГИВ ойноткон шылуундардын аракети (скриншот)
RU

"Видео менен чалышты". Жылдыздардын атынан ГИВ ойноткон шылуундардын аракети (скриншот)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 10-августта ырчы Айгерим Расул кызынын атынан ГИВ ойноткон шылуундарга алданып кала жаздагандар Kaktus.kg сайтына кабарлашты. Алар жазышып сүйлөшкөндөрүн скриншот аркылуу жиберишти.

"Бизге Instagram аркылуу байланышып, сиз унаа утуп алдыңыз дешти. Кийин видео байланыш аркылуу чалышты. Айгерим менен сүйлөшкөндөй эле болдук. Ишенип акча которолу дегенбиз, бирок кайра чалсак алган жок, бошобой жатканын айтты. Бир саатын ичинде унааны каттоо үчүн 8000 сом которуңүз деди. Кийинчерээк дагы чалып такыр байланыша алган жокпуз. Бирок жазып жатты", - дейт алданып кала жаздагандар.

Kaktus.kg Айгерим Расул кызынын менеджери менен байланышканда эч кандай гив ойнотпой жатканын айтты.

"Айгерим азыр ГИВ ойнотпой эле. Алдамчылар фейк аккаунт ачып алып элдин акчасын алып жатат. Мурунку ГИВ ойноткондогу жеңүүчүлөр менен сүйлөшүп жаткандагы видеону сактап алышып ошол менен сүйлөштүрүп жатышыптыр",- дейт менеджери.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7840