Президент Садыр Жапаров Москвага келди
RU

Президент Садыр Жапаров Москвага келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-февралда, биринчи чет элдик иш сапары менен Москва шаарына, Россия Федерациясына келди. Мындай маалыматты президенттик аппараттын басма сөз кызматы жарыялаган.

Белгилүү болгондой, Иш сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Ошондой эле Мамлекет башчысынын Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин, Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко жана Мамлекеттик Думанын Төрагасы Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушуулары пландаштырылган.

Мындан тышкары, Россиянын бизнес-коомчулугу, ошондой эле Россиядагы мекендештер жана кыргызстандык студенттер менен жолугушуулар күтүлүүдө, деп билдирүүдо жазылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/784