Майып кызды зордукташып, бирөө-жарымга айтса өлтүрөбүз, деп коркутушкан
RU

Майып кызды зордукташып, бирөө-жарымга айтса өлтүрөбүз, деп коркутушкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кулагы начар уккан балдар окуган мектептердин биринде 14 жаштагы кыз зордукталган. Бул тууралуу Kaktus.media'га өспүрүмдүн апасы айтып берди. Анын айтымында, милиция бул ише көңүл кош мамиле жасап жатат.

Майрам - кулагы укпаган жашы жете элек Фатиманын жалгыз бой энеси (каармандардын аттары өзгөртүлгөн).

Өспүрүм кыз кулагы начар уккан балдар үчүн атайын мектепте окуп келген. Сегизинчи класска чейин ошол интернатта жашачу, быйылкы окуу жылынан тартып, ал апасы менен жашап, мектепке күндө барып келип окуй баштаган.

"Мурда мен аны дем алыш күндөрү эле алып кетип турчумун. Быйыл чоңоюп калды, өз алдынча барып келе алат, деп жаныма алгам. Экөөбүз чогуу бололу деген элем. Кызымдын атасы менен ал кенедей кезинде эле ажырашып кеткенбиз", - деп Фатиманын апасы айтып берди.

Бир кезде ал кызынын өзгөргөнүн байкаган, маанайы басынкы, түнт боло түшкөн. Бирок апасынын суроолоруна жооп берүүдөн баш тарткан.

Ноябрь айында, мектептен Фатиманын мугалими чалып, кызым кыз эмес экенин айтты. Көрсө, мектепте кызым бузулуп кеткен, аны менен бардыгы жатып чыккан, деген ушактар тарап кетиптир.

Мугалимдин айтымында, ага бул тууралуу Фатиманын классташтары айткан, аларга башка балдар айтышыптыр.

"Ушак тарап отуруп, мектептин администрацияына жетет. Кызым менен жатып жүргөнүн зордуктаган балдар өздөрү мактанып айтышчу экен. Менин оюм боюнча, бул балдардын тарбиячысынын да буга тиешеси бар. Алар башка мектептен, алар да кулагы начар уккан балдар үчүн атайын мектепке барышат. Ошол тарбиячысы кызыма видеовызов аркылуу телефон чалчу экен. Аны менен кол жаңсап сүйлөшүп, аны балдар менен интимдик байланышка барууга түрткөн. Тарбиячысы балдардын кылмышын жашырып келчү. Муну билген мектеп, мугалимди иштен кетиришти. Бирок кызымды зордуктагандар эч кандай жоопкерчиликке тартылган жок", - деп Майрам ыйлап айтып берди.

Август айында бир бала зордуктаптыр. Кийин октябрь айында экинчиси, үчүнчүсү ноябрда. Алар кызым менен жатканын мактанып айтышчу экен.

Кызым аларды жана алардын тарбиячысын достору катары кабыл алчу. "Ал кол жаңсап эле сүйлөшөт да, ошондуктан тил билгендер менен гана достошот".

Апасы кызынын зордукталганын ноябрь айында гана билген. Билээри менен дароо Свердлов районунун РИИБсине кайрылган.

"Милициядан кызым коркконунан бардыгы эки тараптын макулдугу менен болду, деп айтты. Тиги балдар аны коркутуп салышыптыр. Башкалар билсе, сени да энеңди да өлтүрөбүз, деп. Биз экөөбюүз эле жашайбыз да. Болуша турган кишибиз жок. Кызымды мен жокто суракка алышыптыр. Мен мурда мындайга туш болбогон соң, жашы жете электер сөзсүз ата-энесинин коштоосу менен сурак бере турганын билбептирмин", - дейт Майрам.

Анын айтымында кызы ден соолугунун өзгөчөлүгүнөн, дегеле алардын жашоосунун айынан, балдардын сөзүнөн корккон.

"Фатима үч жашынан баштап укпайт. Өмүр бою атайын мектепте окуду. Башкалардан айырмаланып турганын билчү эмес. Бул анын мүнөзүнө таасирин тийгизди. Башка бала болсо балким дароо айтып бермек. А менин кызым, чындап эле өлтүрүп коюшат, деп алардан коркту", - дейт Фатиманын апасы.

РИИБге келсем, мени тергөөчүгө киргизбей коюшту. Бир жолу эптеп ага кирсем, ал мага "Сага эмне керек? Кызың да оорукчан, тигилер да (зордуктаган балдар) оорукчан", - деди. Мен айттым, менин кызым алардан өткөн оорукчан, деп. Прокуратурага кайрылгандан кийин ишти жандандырышты", - деди Майрам.

Балдардын туугандары менен жолуксак, алар кайра мени, кызымды күнөөлөп киришти. Бузулуп кеткен, деп. Бир баланын таякеси кечирим сурап, акча сунуштады. Бирок мен макул болгон жокмун. Бардыгы мыйзам чегинде болушун каалайм.

Майрам кызы меен ижарага алган үйдө жашайт. Мурунку күйөөсү жардам бербейт.

"Жумушта болгонумда кызым үйдө жалгыз калат. Мен жокто өлтүрүп кетишет деп корко берет. Ошонун айынан эч ким менен, мени менен да сүйлөшпөй калды", - деп Майрам бөлүштү.

Фатиманын кызыкчылыгын юрист Шердор Абдыкапаров коргойт. Анын айтымында, биринчи жолкусунда ишти мыйзамсыз жаап салышкан, эми тергөөчү сүйлөшүүдөн баш тартып келет.

"Бул окуя август айында болгон экен. Ал кезде Фатима 14 жашта болчу. 14 жаштагы балдар жашы жете элек бала болуп саналат. Тергөөчүлөр ишти ачат, анан үч бала менен обоюдно болуптур деп туруп, ишти жабып салып атат. Эки жактын каалоосу менен болсо дагы, бир баласы 18 жашта болуп жатат. 18 жашта жашы жеткен, деп эсептелинет. Буга "совращение малолетних" деген өзүнчө берене бар. Жок дегенде ошону коюш керек болчу. Мен юрист катары айта алам, тергөөчү бул ишти мыйзамсыз жапкан. Ошондуктан прокуратура мыйзамсыз жабылды деп, кайрадан тергөөгө жиберип жатат", - деп Абдукапаров Kaktus.media'га комментарий берди.

Соттук медициналык экспертиза болгон. Анда кыздык белгиси жабыркаган эмес, бирок жыныстык акт болгон, деген корутунду чыгарып беришти. Айыпталуучулар бардыгы эки тараптын каалоосу менен болгон, деп жоопкерчиликтен качып жатышат. Бирок өспүрүм кыз макулдугумду берген эмесмин деди, аны коркутушуптур.

Ошондой эле редакция тергөөчүгө да комментарий алуу үчүн кайрылган. Ал бир топко чейин жооп бербей, андан кийин комментарий берүүдөн баш тарткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/785