Быйыл Кыргызстан Японияга 400 тонна бал экспорттойт
RU

Быйыл Кыргызстан Японияга 400 тонна бал экспорттойт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандан Японияга 400 тонна бал экспорттойт. Мындай келишимге 10-август күнү, Токиодо кол коюлган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Биринчи 20 тонналык контейнер жакынкы аралыкта жөнөтүлөт.

"Келишим Sojitz соода компаниясы, Japan style жана Yamada Bee Company Group ортосунда түзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, былтыр Японияга 43,4 тонна кыргыз балы экспорттолуп, суммасы 25 миллион 390 миң сомду түзгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7863