Жакында сентябрь. Бут кийим тандоодо эмнелерге көңүл буруу керек?
RU

Жакында сентябрь. Бут кийим тандоодо эмнелерге көңүл буруу керек?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Балдардын 98%га жакыны дени сак буту менен төрөлөт. Бойго жеткенде алардын болжол менен 40%ы ар кандай бут оорулары менен жабыркайт. Анын ичинен оорулардын 12% айыккыс болуп калат. Мурун мунун себебин туура эмес тамактануу жана ашыкча жүк көтөрүү дешкен. Бирок врачтар акыркы учурда туура эмес бут кийим тандоо эң башкы себепке айланганын айтып жатышат.

Жакында эс алуу аяктап, мектепке же жумушка кийим алуу башталат. Сентябрдын башында бутунун териси сыйрылып, бут кийимин улам чечип, кайра кийип жүргөдөрдү көп көрөбүз. Сиз дагы ошондой абалга туш болуп же ооруп калбоо үчүн туура бут кийим тандоонун жолдорун билип алыңыз.

  • Адамдын буту кечинде бир аз шишип кетет. Эгерде эрте менен алып алсаңыз кечинде бутуңүзду кысып калышы мүмкүн. Ошондуктан бут кийимди эрте менен эмес, кечинде алганга аракет кылыңыз.

  • Кайсы жакка кийчү бут кийим керек? Офискеби, машыгуу үчүнбү же көчөгө кийесизби ойлонуп, анан ошого жараша тандаңыз. Ар бир жерге өзүнчө ыңгайлуу боло тургандай болушу керек.

  • Медицинада көрсөтүлгөндөй күнүмдүк бут кийимдин согончок бийиктиги 2-4 сантиметр ортосунда болушу керек.

  • Албетте бийик таканы кийүүгө болот, бирок күндө эмес. Ошого жараша алыңыз.

  • Эки түгөйүн тең кийип көрүңүз. Кээде бут кийимдин бир түгөйү кысып калган учурлар болот.

  • Бут кийимди кийип көрүп эки жакка басып көрүңүз. Эч кандай ыңгайсыздык жаратпашы керек. Өзүн таштайт деген же башка сөздөргө алданбоо керек.

  • Эгерде бутуңүздан жагымсыз жыт чыкпашын кааласаңыз чыныгы материалдардан гана жасалган бут кийимдерди алыңыз. Жасалма материалдан жасалгандар аба өткөрбөй, бутту тердетип салат.

  • Эгер таманы ийилчээк жана жумшак болсо, сапаттуулугунан кабар берет.

  • Таманынын калыңдыгына да маани бериңиз. Мындай бут кийимден суукта жана түз болбогон жерлерде басканда ыңгайсыздык жаратпайт.

  • Бут кийимдин сулуулугуна эмес жылуулугуна карап алыңыз. Бутуңузда кооз көрүнгөн, бирок ыңгайсыз бут кийимдин кесепетинен ден-соолугуңузга доо кетет.

  • Бут кийимден акча аябаңыз. Эгер кымбат болсо да сапаты жакшы болот жана көпкө чыдайт.

  • Бут кийимдин ичин колуңуз менен текшериңиз. Ичи жумшак болушу жана катуу, бутту өйкөй турган тигиштер болбошу керек.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7866