"Апамдын махабаты" тасмасында Керездин ролун жараткан актриса төш белги менен сыйланды
RU

"Апамдын махабаты" тасмасында Керездин ролун жараткан актриса төш белги менен сыйланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Апамдын махабаты" тасмасында Керездин ролун жаратып, калкыбызга белгилүү болгон актриса Мээрим Касаболотова "Эстелик" төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу актриса өзү билдирди.

Айтымында, бул сыйлык ага поэзияга кошкон салымы үчүн берилди.

Мен үчүн күтүлбөгөн жана эң сыймыктуу сыйлык. Кыргыздын залкар жазуучусу Алыкул Осмонов атындагы "Эстелик" медалына ээ болдум.

Мээрим Касаболотова "Актал"- адабий чыгармачылык бирикмесинин мүчөсү, театр жана кино актрисасы, ырчы жана акын. Ал "Апамдын махабаты", "Чиркин өмүр", "Айыл өкмөтү" жана башка тасмаларда роль ойногон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7879