Чемпиондор өз мекенине кайтып келди. Сүрөт
RU

Чемпиондор өз мекенине кайтып келди. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ислам тилектештик оюндарынын жеңүүчүлөрү Кыргызстанга кайтып келди. Аларды бүгүн "Манас" эл аралык аэропортунда салтанаттуу түрдө тосуп алышты.

КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын жетекчилиги чемпиондор Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова жана алардын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабековду куттуктап, тосуп алды.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын спортчуларында алты алтын, алты күмүш жана беш коло байге бар.

Ислам шериктештик оюнуна 56 мамлекеттен 4 миңдей спортчу катышып, спорттун 20 түрүнөн таймашып жатат. Кыргызстандан жүздөн ашык спортчу барды.

Бешинчи Ислам шериктештиги оюндары 9-августта расмий ачылып, 18- августк чейин уланат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7916