Эң алыскы, шарты оор Зардалы айылы интернетке туташты
RU

Эң алыскы, шарты оор Зардалы айылы интернетке туташты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусундагы эң алыскы, шарты оор Зардалы айылы интернетке туташтырылды. Маалыматты "Кыргыз Интернет Коому" уюму кабарлады.

Маалыматта бул иш ЮНИСЕФ уюмунун долбоорунун алкагында ишке ашырылганы айтылат.

"Кыргыз Интернет коому" Зардалы айылына панель орнотту, ал айылдын чакан мектебин электр жарыгы менен да камсыз кылып жатат. Бул окуучулардын райондук же шаардык мектептер, мекемелер менен байланышта болуп, сапаттуу, заманбап билим алуусуна өбөлгө түзөт. Андан сырткары бүт айылды кошуна айылдарга чейин электр жарыгы менен камсыз кыла алат. Ошондой эле түрдүү кырдаалда райондук борбор менен түз байланышта боло алышат.

Зардалы айылына унаа менен барган жол жылына төрт-беш ай гана ачык болот. Айылда бир башталгыч мектеп бар жана туруктуу жүздөй гана адам жашайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7918