Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы авиакаттамдар көбөйөт
RU

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы авиакаттамдар көбөйөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

24-февралдан тартып Казакстан Алматы-Бишкек авиарейстердин санын көбөйттү. Бул тууралуу Казакстан Республикасынын Индустрия жана инфраструтуралык өнүгүү министрлиги маалымдады.

Мындай чечим эпидемиологиялык кырдаалдын өзгөрүшүнө жана Казакстандын аймагында коронавирустук инфекциянын пайда болушун алдын алуу боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын чечимине байланыштуу.

Андан тышкары Өзбекстан жана Украинага карата рейстердин саны көбөйтүлөт.

Алматы - Бишкек - Алматы: буга чейин жумасына үч ирет каттаса, дагы эки рейс (Эйр Астананын эки рейси) кошулуп, жумасына беш ирет аба каттам ишке ашырылат.

Рейстер авиакомпаниялардын сайттарында жарыяланган күн тартибине ылайык, бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптардын дыкат сакталуусу менен жүргүзүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/791